Биз менен байланышыңыз

Баткен: Нью Йоркко 25 миң тонна өрүк как экспорттолду

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 587 | 0

Баткен районунда дыйкандар АКШнын Нью-Йорк шаарына 25 миң тонна өрүк как экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Баткен районунун Кара-Бак айылында «Алтын аймак» мөмө-жемишти кайра иштетүүчү жоопкерчилиги чектелген коому быйылкы жылдын 5 айында АКШнын Нью Йорк шаарына 25 миң кг өрүк, Түркиянын Измир шаарына 120 миң кг кайналы жана алма, Украинанын Днепр шаарына 44 миң кг өрүк жана кайналы, Орусиянын Москва, Санк-Петербург шаарларына 42 миң баргек экспорттогон. Жөнөтүлгөн айыл чарба өндүрүмдөрүнүн жалпы салмагы 246 тоннаны түзөт.

Мындан тышкары, 14-июнга карата Баткен районунун Дара, Төрткүл, Кара-Бак айыл аймактарындагы айылдык дыйкандар тарабынан 194 тонна ак өрүк Орусиянын Новосибирск, Омск, Томск облустарына жана Казакстандын Нур-Султан шаарына килосуна 35-40 сомдон экспорттолууда.

Copyright © 2017 Maral FM