Биз менен байланышыңыз

Атамбаев боюнча түзүлгөн комиссияга Иманалиев төрага болду

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 645 | 0

Каныбек Иманалиев Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияны жетектеди. Депутаттык топтун биринчи жыйыны жабык эшик артында болуп өттү. Келерки жумада алар күн сайын чогулушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, аталган комиссиянын мүчөсү Евгения Строкова Vesti.kg сайтына билдирген.

Евгения Строкова билдиргендей, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия келерки жумадан баштап, ачык режимде, күн сайын иштейт жана аккредитация болгон журналисттердин баары жыйынга катыша алат.

Эске салсак, 13-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу үчүн депутаттык комиссия түзүү маселеси каралып, 96 депутат макулдугун берген.

Депутаттык комиссияга КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, «Республика-Ата журт» фракциясынан Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, «Кыргызстан» фракциясынан Канат Исаев, Алмазбек Токторов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Алтынбек Жунус уулу, «Бир Бол» фракциясынан Бактыбек Турусбеков, «Ата Мекен» фракциясынан Каныбек Иманалиев мүчө болгон.

Copyright © 2017 Maral FM