Биз менен байланышыңыз

Индия премьер-министри Модинин Кыргызстанга болгон расмий жолугушуу аземи болду

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 399 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий визит менен келген Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий жолугушту.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана өкүлчүлүктөрүнүн салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Индиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Нарендра Моди Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты, расмий өкүлчүлүктүн мүчөлөрү тааныштырылды. Андан соң тар курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Сооронбай Жээнбеков менен Нарендра Модинин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM