Биз менен байланышыңыз

Сот кызматкерлери Айтматовду эскерди

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 405 | 0

Бүгүн, 14-июнда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында дүйнөлүк жазуучу, академик Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Көрүүчүлөргө жазуучунун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде Биринчи Май райондук сотунун кызматкерлери сахналаштырган жана «Гүлсарат» повестинин негизинде Октябрь райондук сотунун кызматкерлери сахналаштырган спектаклдер тартууланды.

Иш-чаранын соңунда Роза Айтматова ыраазычылык сөзүн сүйлөп, бул тарыхый саамалык башка мамлекеттик мекемелер арасында да улантылса деген изги тилегин билдирди.

Иш-чарага Улуттук илимдер академиясынын академиктери, мүчө-корреспонденттери, илимий жана сот кызматкерлери, ошондой эле, жазуучунун чыгармачылыгын баалаган коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар катышты.

Copyright © 2017 Maral FM