Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин коргонууда, соода-сатыкта уюмду ынтымакта болууга чакырды

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 579 | 0

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин отурумунда уюмдун алкагында соода-экономикалык, коопсуздук жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Алардын бири коопсуздук маселесине арналды.

Кытай лидери саммитте сүйлөп жатып, кыргыздын «Ырыс алды — ынтымак» деген макалын жетекчиликке алып, катышуучуларды биримдикке чакырды.

«Ынтымак — бактылуулуктун негизи. Андыктан, Шанхай духу менен кадамдаш бололу. Коопсуздук жаатында укуктук базаны өркүндөтүү жана маалымат алмашып туруу зарыл. Террордук күчтөргө бөгөт коюуну күчөтүш керек», — деди Си Цзиньпин.

Ал соода мамилелерди бекемдеп, экономикалык алаканы ачыгыраак кылуу зарылдыгын да айтты. Мындан сырткары, мамлекеттердин ортосундагы айыл чарба, медицина жаатындагы алаканы бекемдөөнү кошумчалады. Ошондой эле, ШКУ ар бир мүчө мамлекет өзүнө пайда көрө алчудай кызматташтыктын үлгүсү болууга умтуларын белгилеп, инвестиция тартууну, соода-сатыкты кеңейтүүнү улантууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM