Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: «Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан» темир жолун курууну тездетүү керек

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 784 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө «Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүүнү колдойт. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммитинде айтты.

Анын белгилешинче, Кыргызстан ШКУну 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурууда. Алдыда уюмга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук-логистикалык байланышты тереңдетүү маанилүү.

— ШКУну өнүктүрүү банкын түзүү боюнча кеңешти улантууну сунуштайбыз. Учурда уюмдун экономикасын өнүктүрүүдө негизги ролду Эл аралык иштиктүү кеңеш жана Банктар аралык бирикмеси түзүп жатат. Биз өлкөлөр ортосундагы ишкерлердин кызматташташуусун жакшыртуу үчүн практикалык чараларды көрүшүбүз керек.

Президент андан тышкары, агро тармакты жана экологиялык жактан таза өнүмдөрдү чыгарууга да артыкчылык берүүнү сунуштады. Уюмдун мүчөлөрүнүн бирдиктүү ишинде жашыл экономика приоритеттүү тармак болуусу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, ШКУга Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия мүчөлүк кылат.

Саммитке байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да келген.

Copyright © 2017 Maral FM