Connect with us

ШКУ боюнча серепчилер эмне дейт?

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 741 | 0

Учурда Бишкекте дүйнө лидерлерин чогулткан өзгөчө маанилүү геосаясий иш-чаралардын бири — ШКУ саммити өтүүдө. Анда күтүлүүчү окуялар боюнча серепчилердин пикирлерин «Вечерний Бишкек» басылмасы жазды.

Дүйнө калкынын тең жарымын бир желектин астына бириктирген ШКУ

Шанхай Кызматташтык Уюму 2001-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү кирген. Өткөн жылы Кытайдагы өткөн саммитте Индия менен Пакистан өлкөлөрү кошулган. Учурда «Шанхай жетилиги» өз желегинин астында жер шары боюнча 3 миллиард элди бириктирип турат. Ошондой эле, саммитте Монголия, Иран, Ооганстан жана Белоруссия өлкөлөрү байкоочу катары катышат.

НАТОдон айырмаланып, ШКУ аскердик блок болуп саналбайт, ортолук позицияны карманат. Бул саммитте өлкө башчылары негизинен коопсуздукту камсыздоо, терроризм жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү боюнча маселелерге токтолот. Ошондой эле, уюмдун башкы максаты: экономикалык жана маданий байланыштардын өнүгүүсү үчүн өлкөлөр арасындагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Токаевдин дебюту

Мындай чоң жыйындарга биринчи жолу Казакстандын атынан Нурсултан Назарбаев эмес, Касым-Жомарт Токаев катышат. Казакстандын жаңы президентинин инаугурациясы саммитке эки күн калганда өттү. Мындай эртелетүү жаңы өлкө башчысынын кесиптештеринин арасында президент расмий статусунда катышуусу үчүн жасалган. Саясат таануучу Игорь Шестаков Касым-Жомарт Токаев сырткы саясат менен жаңыдан тааныша тургандыктан, саммит учурунда анын сөзүн кунт коюп угуу керектигин билдирген.

Каршылаштардын жолугушу

Индия менен Пакистан ортосундагы кагылышуулардан бери бул эки өлкөнүн премьер-министрлери алгачкы жолу бет келишүүдө.

Эки лидер февраль айында Кашмирдеги Пакистан менен Индиянын армиясынын тирешине алып келген окуялардан бери бир жолу телефон аркылуу байланышкан. Анда Пакистанда жайгашкан жоочулар Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагында жанкечти чабуулун уюштуруп, андан индиялык 40тай полиция кызматкери мерт болгон. Буга жооп кылып расмий Нью-Дели Пакистандын аймагындагы жоочуларга абадан сокку урганын билдирген. Учурда эки өзөктүк держава жарашуу алдында турат. Пакистан атайын Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Бишкекке учуп келүүсү үчүн аба жолдорун ачкан. Ошентсе да, түшүнбөстүктөр толук бойдон жоюлду деген чечим чыгарууга эртелик кылат.

— ШКУ бул узакка созулган келишпестикти чечүү үчүн жакшы ортом түзүп бериши мүмкүн. Эгерде эки өлкө тил табышып, бир ымалага келишсе, бул уюмдун даражасын жогорулаткан тарыхый чечим болуп калат, — деп белгилейт Игорь Шестаков.

Дүйнөлүк рыноктун жаңыланышы

Экономикалык маселелер Шанхай уюмунун кызыкчылыгына киргени менен, Бишкектеги саммитте орун алгандай маанилүү ролду ээлеген эмес.

— Анын себеби, саммиттин олуттуу катышуучулары болгон Орусия менен Кытай учурда АКШ жана Европа менен соода тармагында согушуп жаткан кези. Алар ШКУ ортосунда АКШнын катышуусусуз жаңы экономикалык рынокту түзүүгө аракет кылышууда. Мындан ары дүйнөлүк соодада жок дегенде буга чейин кармалып келген жылуу мамиленин да болбоосун моюндашыбыз керек, — дейт Шестаков.

«Хуавей» окуясынан (АКШ аталган компанияга каршы санкция киргизген) кийин бүткүл дүйнө Кытайдын жообун күтүүдө. Бул жооп бүгүн Бишкекте айтылышы толук мүмкүн.

Кыргызстандын саммиттеги ролу

Орусия, Кытай жана Индия сыяктуу аскери жана экономикасы чоң өлкөлөрдүн арасында Кыргызстандын орду чакан болушу мүмкүн. Ошентсе да, өлкөбүз өз кызыкчылыктарынан баш тартпайт.

— Орусия жана Кытай Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жеткен экономикалык кызматташтыгын күчөтөт. Өлкө аймагынан жаңы соода жолдору орун алышы күтүлүүдө. Мындай кызматташтыктын артынан «Кыргызстан-Кытай» темир жолунун курулуш көйгөйлөрү да чечилиши мүмкүн, — деп белгилейт Игорь Шестаков.

Саясат таануучу Марат Казакпаев президент Сооронбай Жээнбеков инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин жана өнөктөш өлкөлөр менен кызматташтыкты арттырууга аракет кылып жатканын белгилейт. Сүйлөшүүлөр биринчи кезекте транспорттук жана логистикалык борборлорду түзүүгө багытталарын билдирген.

— ШКУнун көйгөйү, ЖККУ сыяктуу эле маселелердин көпчүлүгү кагаз жүзүндө эле калууда. Аларды ишке ашыруу бир жылдан бери созулууда. Мисалы, ШКУ «Кыргыз-Кытай» темир жолундай эле, Банк тууралуу да көптөн бери айтып келет,- деген пикирин Марат Казакпаев билдирген.

Ошондой эле, Казакпаев Кыргызстан саммитке келген өлкө башчылары менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эл аралык мамилелерди жогорку сапаттагы деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM