Биз менен байланышыңыз

ШКУга байкоочу болууну самагандар көп

Күн чекит | 14 Июн 2019 | 951 | 0

Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтүп, ага 8 өлкөнүн башчысы, 4 байкоочу өлкөнүн президенти катышты. 21 документ кабыл алынып, уюмдун кеңешинин Бишкек декларациясына кол коюлду. Кыргызстан кийинки саммитти өткөрүүнү Орусияга тапшырды. Бул саммит учурунда өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын пайдасы үчүн, ошондой эле, уюмду өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды берди.

Серепчилер Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жемиштүү болгонун айтып жатышат. Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиевдин оюн угуп көрдүк.

Марал: — Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинин Кыргызстанда өткөнү бизге эмне берет, сиздин оюңузда, жыйынтыктары кандай болду?

Алмазбек Акматалиев: — Менин оюмда, түшүнгөн кишиге бүгүн аябай чоң иш-чара болду. Себеби Шанхай Кызматташтык Уюму  — бул өтө чоң, маанилүү уюмга айланды десем жаңылышпайм. Бүгүнкү күндө Европа, АКШ, өзгөчө  АКШ тышкы саясатын агерссивдүү жүргүзүп жатпайбы, ошондуктан, бул өңүттөн караганда, ШКУ мамлекет башчыларынын бүгүнкү саммити өтө чоң мааниге ээ. Кыргызстан бул уюмдун саммитин өткөрүүгө төрагалык кылууну да ийгиликтүү ишке ашырды.

Мындан тышкары, ШКУнун алкагында ири иш-чаралар да өттү. Мисалы, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Цзиньпин азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков өлкө башчы болуп турганда, алгачкы мамлекеттик сапары менен келди. Экономикалык жактан маанилүү келишимдер түзүлүүдө. Кыргыз-кытай бизнес форумунда 7 млрд. доллардан ашык суммага келишим түзүлгөнү маалым болду. Бул — өтө жакшы жыйынтык.

Марал: — Кыргызстандын ШКУга мүчө болуусунун саясий мааниси канчалык?

Алмазбек Акматалиев: — Саясий мааниси да өтө чоң. Себеби, мурунку СССРдин мамлекеттери кирген, дүйнөдөгү эң чоң эки мамлекет – Индия менен Кытай мүчө болгон уюмда Кыргызстандын да болушу — бир четинен сыймык, бир четинен жоопкерчилик. Экономиканын өнүгүүсү, XXI кылымдагы өнүгүүнүн жаңы багыттары Азия менен байланыштуу деп айтылып жатат. Ошондуктан, менин оюмда, ШКУга мүчө мамлекеттердин катышуусундагы саммиттин жыйынтыгы жакшы болду.

Саммитти өткөрүүгө шаар бийлиги да, мамлекеттик резиденция да жакшы даярдалыптыр,  эбепке-себеп дегендей, натыйжалуу иш-чаралар өттү.

Марал: — 11 президенттин катышуусунда экономикалык, саясий жактан чоң мааниге ээ болгон ШКУ саммитинин Кыргызстанда өтүшүнө Батыш Европа кандай ойдо?

Алмазбек Акматалиев: — Батыш Европа Кыргызстан менен өтө чоң деңгээлде эсептешпесе да, Кытай, Орусия мамлекеттери менен эсептешет. Ошондуктан, ШКУ уюмуна биздин активдүү катышып жатканыбыз эзелтеден бери эле көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп келгенибизди билдирет. Жакынкы коңшулар, Америка, Батыш Европа, Азия мамлекеттери менен жакшы мамилебизди улантышыбыз керек. Себеби, бул улуттук кызыкчылыкка жооп берет. Бул өңүттөн алганда Кыргызстандын ШКУга мүчө болуусу, мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүүсү жакшы иш-чаралар болуп эсептелет.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна байкоочу мүчө болууга кызыккан өлкөлөр көп экендиги сөз болуп жатат. Негизи ШКУга байкоочу болуунун таасири канчалык? Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетовдун пикирин уктук.

Марал: — Шанхай Кызматташтык Уюмуна байкоочу өлкө катары мүчө болууга кызыгуу жогору болуп жаткандыгы айтылып жатат. Байкоочу статусун алуу өлкөлөргө эмне берет?

Эдил Осмонбетов: — Ооба, бул аябай кызык жагдай болуп жатат. 20 жылдын ичинде 20дай өлкө  — Израиль, Бангладеш, Түркия, Ооганстан жана башка мамлекеттер Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болууга кызыкдарлыгын билдирип келишет. Бирок эреже боюнча ШКУга этап-этап менен кире алат.

Биринчи этап — диалог боюнча өнөктөш болуу керек, экинчи этап – байкоочу макамы, андан кийин мүчө болот. Бирок учурда ШКУга төрт мамлекет — Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын башчылары байкоочу макамын алган. Бул сөзсүз Европага байланыштуу.

Беларусиянын президенти уюмга мүчө болууга аракеттенип жатат. Бул өлкө 2005-жылы диалог боюнча өнөктөш макамын алган. Эрежени сактап, 2015-жылы, 10 жылдан кийин гана байкоочу статусун алышты.

Марал: — Байкоочу макамы эмне берет?

Эдил Осмонбетов: — Бүгүнкү күндө эл аралык коопсуздук «архитектурасы» бузулган. Ошондуктан, ири же чакан мамлекеттер сөзсүз түрдө коопсуздук боюнча өздөрүнүн туруктуу программасын иштеп чыгышат. Ал эми Шанхай Кызматташтык Уюмуна байкоочу катары кирген өлкө коопсуздук жөнүндө ачык билдирүүлөрдү жасай алат. Мисалы, ШКУда Орусия, Кытай, Индия сыяктуу ири мамлекеттер бар, ошол себептен ачык жыйындарда өзүнүн кызыкчылыгына жараша саясат алып бара алат. ШКУга байкоочу болуу дагы эмне берет? Мисалы, уюмдун алкагында эки жана көп тараптуу жолугушуулар жасалат, тактап айтканда, ШКУ — бул, аянтча. Ошондуктан, ШКУга кирүүгө, байкоочу макамын алууга кызыккан мамлекеттер көп болууда.

Copyright © 2017 Maral FM