Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча сот дагы кийинкиге жылды

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 457 | 0

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция боюнча каралып жаткан сот иши дагы кийинкиге калды. Аида Момуналиева жетекчилик кылган Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов, Узак Кыдырбаевге карата соттук териштирүүнү бүгүн карап, кийинкиге жылдырды. Анын кайсы күнү өтөрү азырынча айтыла элек.

Буга жактоочу Азиз Бакировдун үй-бүлөлүк шартка байланыштуу сот отурумуна келбей калганы себеп болду.

11-июнга белгиленген отурумга жактоочулар Бактыбек Жумашев, Эрнис Саданбеков жана Азиз Бакиров келбей койгондуктан, кийинки калтырылган болчу.

Айыпталуучулар Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов, Узак Кыдырбаев боюнча иш өзүнчө өндүрүшкө алынган.

ЖЭБ боюнча башка айыпталуучулар Омуркул уулу Нурлан, Нурлан Садыков, Нургазы Курманбеков жана Бердибек Боркоев өз айыбын моюндаган келишимге барган. Аларга карата эркинен ажыратуу жазасы боюнча сот өкүмү айып пул төлөө менен алмаштырылган.

Бирок бир гана Бердибек Боркоевдин айып жазасына шарттуу мөөнөт дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM