Биз менен байланышыңыз

АКШ Омандагы жардырууга Иранды күнөөлөгөн видеосун таркатты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 544 | 0

Оман булуңундагы мунай ташыган эки кеменин жарылуусуна Ирандын тиешеси бар. Мындай пикирин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди. Буга далил катары  интернетте таркаган видеону көрсөтүшүүдө.

«Биз Иран АКШнын өздөрүнө болгон кысымын азайткысы келгенинен улам ушундай кадамга барды деген пикирдебиз. А бирок, экономикалык маселелерден улам күнөөсүз адамдарга чабуул жасоо дипломатияга жатпайт», — дейт Помпео.

Ал эми Иран АКШнын айыптоосун четке кагат. Алардын айтымында, кимдир бирөөлөр Иранды эл аралык коомчулукка жаман көрсөтүүдө.

Эске салсак, 13-июнда Оманда мунай ташыган эки кемеге чабуул жасалып, жардырып ийишкен. Экипаж мүчөлөрү жабыркабаганы айтылууда. Ошол эле күнү мунайдын дүйнөлүк баасы 4 %га жогорулаган.

Copyright © 2017 Maral FM