Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыргыз-казак президенттери жолугушту

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 517 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Өлкө башчылары эки тараптуу, анын ичинде Евразия Экономикалык Биримдиги, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнүн азыркы абалын жана келечегин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады жана анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаевди президент катары алгачкы визитин Кыргызстанга жасаганы кубанычтуу экенин баса белгилеп, Кыргызстанга атайын расмий иш сапар менен келүүгө дагы бир жолу чакырды.

Касым-Жомарт Токаев боордош Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM