Биз менен байланышыңыз

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Бишкекке келди

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 442 | 0

Пакистандын премьер-министри Имран Хан бүгүн, 13-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди.

Пакистандын премьер-министрин «Манас» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

Имран Хан сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

14-июнда Бишкекте ШКУнун саммити өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Анда байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да болот.

Copyright © 2017 Maral FM