Биз менен байланышыңыз

Александр Лукашенко Бишкекке келди

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 485 | 0

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко бүгүн, 13-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди.

Аны «Манас» эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

14-июнда Бишкекте ШКУнун саммити өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Анда байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да болот.

Copyright © 2017 Maral FM