Биз менен байланышыңыз

Британия Ассанжды Америкага өткөрүп берет

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 490 | 0

Британиянын Ички иштер министри Сажид Жавид «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо боюнча буйрукка кол койду. Ассанжды өткөрүп берүү тууралуу соңку чечим 14-июнда Британия соту тарабынан кабыл алынат.

Буга чейин Стокгольмдогу жыйында Швеция кылмыш ишин кайрадан текшерүүгө алары тууралуу айтылган болчу. «WikiLeaks» сайтынын башкы редактору, журналист Кристинн Храфнсон тергөөнүн кайрадан каралышы Ассанждын ак экендигин далилдеп, атын тазартууга жардам берерин айтат.

Ассанж 2010-жылы Швецияда сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча айыпталып, 2012-жылдын июнь айынан баштап, экстрадициядан сактанып, Эквадор элчилигинде жашырынып келген. 2019-жылдын 11-апрелинде Швеция жана АКШнын ордери аркылуу кармалган. Лондондогу сот аны күнөөлүү деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM