Биз менен байланышыңыз

Индияда 50дөн ашык бала жемиштен ууланып жан берди

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 508 | 0

Индиянын Бихар штатында балдардын массалык уулануудан каза болуусу катталды. Бул тууралуу PTI агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, балдар Музаффарпур айыл округунан личи дарагынан мөмө жулуп жешкен. Андан соң балдарда энцефалит синдрому башталып, кандагы токсиндер бузулуп, балдардын шекери төмөндөп кеткен.

Учурда каза болгон баланын саны 53кө жеткен. Андан сырткары, дагы 40 бала оор абалда ооруканага жаткырылган.

Белгилей кетсек, личинин мөмөсүн жеп уулануу жергиликтүү медицинада «Чамки Бухар» деп аталып, бул дарттан жабыркагандар жыл сайын катталып турат.

Copyright © 2017 Maral FM