Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу өлкөнүн Сейсмология институту билдирди.
Алынган маалыматка ылайык, жер титирөө 12-июндан 13-июнга караган түнү саат 00:09да катталган. Очогундагы күчү 2,5 баллга жеткен. Ошондой эле, жер титирөө Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.