Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Сагинтаев президенттик администрациянын башчылыгына кайра дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 402 | 0

Казакстандын экс-премьер-министри Бакытжан Сагинтаев президенттик администрациянын башчысы болуп кайра дайындалды. Мындай чечимди өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев кечээ 12 июнда кабыл алганын Казакстан президенттин маалымат кызматы кабарлады.

56 жаштагы Сагинтаев буга чейин бир катар мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалаган. 2016-жылдан 2019-жылга чейин өлкөнүн Өкмөтүн жетектеген.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин башкаруусунда президенттик администрациянын башчысы кызматына дайындалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM