Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Атамбаевдин кол тийбестик маселеси 1 айда чечилет

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июн 2019 | 479 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси 1 айдын ичинде чечилет, ал күзгө калбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзам бузуу аныкталса, Атамбаев сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы керек.

«Менин оюмча, андай иштер бар. Эл чындыкты колдойт. Атайын комиссия түзүлөт да, Атамбаев кандай иштерди жасаганын аныктайт. Жыйынтык Башкы прокуратурага берилет. Аталган орган юридикалык баа берип, Атамбаевдин экс-президент статусун алуу боюнча ЖКга кайрылат. Эгерде мыйзамсыз иштер болсо, Атамбаев жоопкерчиликке тартылат», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү билдиргендей, Атамбаев бийликте турганда Президенттик Аппараттын бөлүм башчылыгын жетектеген Сапар Исаков өкмөттү толук көзөмөлдөп, келген насыяларды өзүнө тартып алып, бардык иштер Президенттик Аппарат аркылуу өтүп турган. Сулайманов бул аракеттерди узурпация катары эсептейт.

Ал мындан сырткары, бир да адам: «Коом Атамбаевдин камалуусун колдойт же колдобойт», — деген анализ чыгарбаганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM