Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр жарандык коргонууну жакшыртуу токтомуна кол койду

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 844 | 0

Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты жарандык коргонуу тармагына даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө Жобо бекитилди. Буга байланышкан токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Чечим Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоону жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Мунун алкагында өтө турчу окутуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо борбору тарабынан жүргүзүлүп, күндүзгү жана тыштан окуу түрүндө өтөт. Ошондой эле, алыскы аймактарга көчмө окуулар уюштурулушу да мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM