Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы камактагы кош бойлуу аялдан кабар алды

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 562 | 0

Бүгүн, 12-июнда акыйкатчы Токон Мамытов №1 СИЗОго барып, эски телефонду уурдаганы үчүн кармалган кош бойлуу аял менен маектешти. Бул тууралуу Акыйкатчы институтутун маалымат кызматы билдирди.

Түрмөдөгү аял буга чейин Свердлов райондук Тергөө кызматынын тергөөчүсү жана райондук соттун судьясынын аракеттерине чара көрүү өтүнүчү менен Акыйкатчы институтуна арыз жазып кайрылган. Арыздын негизинде Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына барышкан Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери камактагы жарандын мыйзамда белгиленген мөөнөттөн ашыкча кармалып турганын аныкташкан.

Камактагы аял акыйкатчы менен жолугушуусунда эски телефонду алганы үчүн кармалганын, бирок телефонду ээсине кайтарып бергенин, аны тастыктаган тил кат да бар экенин айтты. Ошондой эле, үйүндө 1 жаш 2 айлык баласы калганын, учурда 3 айлык боюнда бар экенин да билдирди.

«Бул иш боюнча Свердлов райондук сотунун судьясы Ж. Сабырова аталган жарандын баш коргоо чарасын кароодо 1 айлык мөөнөткө камакка алууну тандаган. Судья аялдын кош бойлуулугун, жаш баласы бар экенин жана телефондун наркы 10 миң сомго жетпегенин эске алган эмес. Бул кылмыш катары эмес, Жорук кодекси боюнча каралышы керек эле», — дейт Акыйкатчы Токон Мамытов.

Жогорудагы акыйкатчынын пикирин эске алган Акыйкатчы аппараты Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасына тиешелүү кайрылуу жолдошту.

Copyright © 2017 Maral FM