Биз менен байланышыңыз

Салянованын иши боюнча 2 миңдей кол топтолду

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 394 | 0

Мурдагы башпрокурор Аида Салянованын тарапташтарынын президентке кайрылуу боюнча кол топтоону баштады. Кайрылууга кол койгондордун саны 2 миңдей болду. Бул тууралуу анын жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди.

Анын айтымында, тарапташтар Салянова боюнча ишти президент көзөмөлүнө алуусун өтүнүүдө.

“Экс-башпрокурордун тарапташтары өлкө президентине кайрылуу боюнча кол топтоону кечээ башташты. Учурда алар эки миңге чукулдады. Алар Аида Салянова боюнча ишти президент көзөмөлгө алуусун өтүнүшүүдө. Тарапташтары Салянованын иши адилет каралышынан күмөн санашууда”, — деди жактоочу.

Бүгүн Бишкек шаардык соту мурдагы башпрокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, аны камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

5-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Салянованы 26-июнга чейин №1 тергөө абагында калтыруу боюнча чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM