Биз менен байланышыңыз

Арка айылынын депутаттары президентке кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 970 | 0

Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттары Мадиген аркылуу Самаркандек айылына чыгуучу жолду тез арада оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда депутаттар мамлекет техника жагынан (грейдер, КАМАЗ ж.б.) жардам берсе, күйүүчү майды өздөрү көтөрөрүн айтышкан.

Төмөндө кайрылууну өзгөртүүсүз сунуштайбыз:

«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу президент!

Лейлек районунун Кулунду, Бешкент жана Жаңы-Жер айыл аймактарында жашаган элдин Баткен облусунун борбору менен байланышын жеңилдетүү максатында Маргун — Мадиген — Самаркандек жолун тез арада оңдотуп берүүңүздү талап кылабыз. Анткени чек арада жашаган элибиз Тажикстан тараптын 29-30-апрелдеги агрессивдүү кол салуусунан кийин жеке коопсуздугу үчүн өтө тынчсызданып баштады.

Аталган жолдун азыркы абалы эч бир талапка туура келбейт. Андыктан сиз керектүү техникаларды камсыздап берсеңиз, өзүбүз акча чогултуп, күйүүчү майын камсыздап, калган жумуштарын ашар жолу менен бүтүрүп алабыз.

Урматтуу президент!

Биздин көйгөйгө кайдыгер карабайсыз деген терең ишеничтебиз».

Жаңы — Жер айылдык кеңешинин депутаттары:

Эрматов Калыкул Ахмадалиевич

Салимбекова Сапаргул Абдулатиповна

Тургунова Айнура Абдыразаковна

Гапурова Алиман Убайдуллаевна

Муратов Акжол Тавакалович

Аширматова Гулмира

Тургунов Кубанычбек Абдыразакович

Айбалаев Кыдырбек Каримович

Салимбеков Кенжебек Салимбекович

Саттаров Миңжигит Жунусович

Тайирова Ранохан Миролиевна

Copyright © 2017 Maral FM