Биз менен байланышыңыз

Аида Салянова 26-июнга чейин абакта калмай болду

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 418 | 0

Мурдагы башпрокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы өзгөргөн жок. Ал 26-июнга чейин убактылуу кармоочу жайда калат. Мындай чечимди бүгүн Бишкек шаардык соту кабыл алганын айыпталуучунун жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин негиздүү деп тапкан.

«Салянова ден соолугуна байланыштуу сот отурумуна келе алган жок. Бизде башка даттануу укугубуз жок. Анткени, ушундай чечим кабыл алынды», — дейт жактоочу.

Адвокат ошондой эле, Салянова кардиолог-дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалайт.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда мурдагы башпрокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралды.

Ал 2013-жылы «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөөтүнөн мурда абактан бошотулганы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 3-июнда камакка алынган.

5-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Салянованы 26-июнга чейин №1 тергөө абагында калтыруу боюнча чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM