Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: 11-июнда 8 өрт кырсыгы катталды

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 441 | 0

Кечээ, 11-июнда өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алынган маалыматка ылайык, Бишкек шаарында — 2, Сокулук районунда — 2, ошондой эле, Нарын шаарында, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Ош облусунун Ноокат районунда катталган. Кырсыктын алдын алуу үчүн 8 өрт өчүрүү кызматы тартылган.

Кырсыктан жабыркагандар катталган эмес. Учурда материалдык чыгымдар эсептелип, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM