Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Путинди Орусия күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 648 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путинди 12-июнь Орусиянын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

«Мамлекеттик майрам — Орусия күнүнө байланыштуу чын дилден чыккан каалоолорумду кабыл алып коюңуз. Бүгүн Орусия Федерациясы туруктуу социалдык-экономикалык, коомдук саясий өнүгүүнүн жана өлкөнүн дүйнөлүк аренада кадыр-баркынын бекемделишинин үлгүсү болуп саналат. Сиздин кыргыз-орус кызматташтыгын тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кошкон салымыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздин жеке катышууңуз биздин эки тараптуу мамилелерди сапаттуу толуктоого жаңы дем берип, союздаштык духун жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеди. Мезгилдин сыноолорунан өткөн кыргыз-орус кызматташтыгы мындан ары дагы биздин элдердин бакубат жашоосу үчүн өнүгө берерине ишенем», — деди Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосунда.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков президент Владимир Путинге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми Орусия элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM