Биз менен байланышыңыз

Кытай азык-түлүктү кайра иштетүүчү ишканаларды курууга кызыкдар

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 413 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Кытайдын  Эл аралык Цзянсу техникалык кызматташуу компаниясынын директору Ванг Бин Чейрмен баштаган ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тарап айыл чарба багытында азык түлүктөрдү экспорттоо, импорттоо жана азык-түлүктөрдү сактоочу, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу тууралуу талкуулашты.

Ошондой эле, Кытай Кыргызстандын айыл чарба азык-түлүктөрү табигый таза жана сапаты жакшы болгондуктан, сатып алууга кызыкдар экенин билдирип, азык-түлүктөрдү кайра иштетүүчү ишканаларды куруу ниетин билдиришти.

 

Copyright © 2017 Maral FM