Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым райондоруна газ берүү 5 күнгө токтотулат

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 466 | 0

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-июндан 21-июнга чейин төмөнкү даректердеги 10 миң абоненттин жаратылыш газы өчүрүлөт, алар: Лев Толстой, Киров көчөлөрү, Новопавловка айылы, Чоң Чүй каналы аймагы, Ала-Арча аймагы. Мындай аракеттер оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жасалууда.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы келтирилген ыңгайсыздык үчүн абонеттерден кечирим сурап, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM