Connect with us

«Балдар үчүн ишеним телефонуна» 5 айда 60 миңдей кайрылуу түшкөн

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 469 | 0

59-778 номурлуу «Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна ушул жылдын 5 айында 60 миңдей кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен 927 абонент консультация берүүнү же жардам көрсөтүүнү суранып чалган. Алардын 114ү же 12,3 %ы жаш балдардан түшкөн.

576 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилип, 67 абонентке психологиялык консультация жана 284 кайрылууга башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн сунушталган.

Булардын ичинен эң көбү социалдык жардам сурап кайрылышкан. Мындан сырткары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип — 17, мектептеги рэкетчилик боюнча -3 жана социалдык тармактарда таркалган оюндар  боюнча – 1 кайрылуу түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM