Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Эми жардамга муктаждар билдирүүлөрүн электрондук түрдө жибере алат

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 1086 | 2

Гуманитардык жардамга муктаждар 1227.tunduk.kg сайты аркылуу билдирүү калтырса болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, «1227» номерине кайрылгандарга жооп берүүгө жетишпей жатышкандыктан, электрондук түрдө билдирүү калтыруу үчүн 1227.tunduk.kg сайты ишке киргизилген.

−Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан 1227.tunduk.kg сайты иштелип чыкты. Ар бир жаран аталган сайтка кирип билдирүүлөрдү калтырса болот. Бүгүнкү күндөн тарта ишке кирип жаткан сайтка мобилдик телефондордон да билдирүүлөрдү калтырса болот, — дейт ал.

Кочкоров белгилегендей, штаб түзүлгөндөн бери 210 миң 779 кайрылуу келип түшкөн.

−Колунда бар адамдар да жардам сурап жаткан учурлар катталууда, — деп кошумчалады министр.

2 пикир

2 пикир

  1. Мамашев Кылычбек Мырзакулович

    08.04.2020 12:09

    мен Ош шаарына караштуу, «Эдельвейс»жаңы конушунда,20-жлдан бери жашап келем өзүм бир группадагы,майыпмын мындай кырдаалда,өкмөт тарабынан берилип жаткан,гум помоштун мага окшогон группа дагы жарандар,албай жатканы мен үчүн өкүнүчтүү, урматтуу,министр,Улукбек,Кочкоров,жеке козомолунузго алып»Эдельвейс»жаңы конушуна,өз адамдарынызды, жөнөтүүнү суранам,деп жазган Мамашев Кылычбек,Мырзакулов чейин,сизден жардам кутом!!!

  2. Мамашев Кылычбек Мырзакулович

    08.04.2020 12:16

    азыркы жазган арызымдын,кыска нуска кылып жаздым антткенин,менин баардык докменттерим бар байланыш номерим 0779770462,»Эдельвейс»жаңы конушунун,айыл башчысы эмнегедир өкмөт тарабынан берилип жаткан гум помошко көңүл бурбагандай,Ош шаарынан болом өзүм,ачка калдык үйдө апам экөөбүз жашайбыз,

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM