Биз менен байланышыңыз

Президент менен министр балдарды коргоонун абалын талкуулашты

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 837 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда өлкөнүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды. Анда 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкты ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында артыкчылыктуу тартипте эки багытка — социалдык кызматтарды көрсөтүү ишин автоматташтырууга жана үй-бүлө институтун колдоого багытталган балдарды жана балалыкты социалдык жактан натыйжалуу коргоону камсыздоого көңүл бурулушу керектигин өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы социалдык жактан коргоого алынбаган категориядагы жарандар, татаал турмуштук жагдайга кабылган балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоонун жаңы механизмдерин жана ыкмаларын иштеп чыгуунун зарылдыгына көңүл бурду. Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртуу жана балдарды асыроонун максималдуу ачыктыгын камсыз кылуунун маанисин белгиледи.

Министр Кочкоров бүгүнкү күндө министрликте эки автоматташтырылган база — «Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы» (СЖКМС) жана «Эмгек рыногунун маалыматтык системасы» (ЭРМС) толук кандуу иштеп жатканын айтты.

Процесстерди автоматташтыруу жөлөк пулдарды чектөөдө механикалык каталардын кетишин жокко чыгарып, коррупциялык коркунучтарды азайтып, эки жолу төлөм жүргүзүү мүмкүндүгүн жоюуга жол берерин белгиледи. Министр бул чара социалдык жардамды төлөөгө дарексиз жолдонуп жаткан 1 млрд сом бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк бергенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, балдар жөлөк пулдарын алуучулардын санын 60 миңге көбөйтүүгө жана каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жана санын көбөйтүүгө мүмкүн болгон.

Бүгүнкү күндө министрлик «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына толугу менен кошулуп, натыйжада 2019-жылдын аягында электрондук форматта 860 миңден ашуун справкалар жана маалыматтар алынган. «Түндүк» системасына 2019-жылдын июлунда кошулуу учурунда бул көрсөткүч 23 миң справкаларды жана маалыматтарды түзгөн эле.

Муну менен бирге бала төрөлгөндө бир жолку «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун берүү процедурасы жеңилдетилип, толугу менен автоматташтырылган, ашыкча бюрократия жокко чыгарылган.

Бүгүнкү күндө жөлөкпулдун мындай түрү «бирдиктүү терезе» принциби менен берилүүдө — бала төрөлгөндө электрондук арыз толтурулуп, эки иш күндүн ичинде «Балага сүйүнчү» төлөнүп берилет.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри татаал турмуштук жагдайга кабылган балдардын автоматташтырылган базасы иштелип чыкканын кошумчалады. Учурда өлкөнүн 5 районунда бул системаны пилоттук иштетүү жүргүзүлүп жатат. Ага тиешелүү мамлекеттик органдар кошулат жана бул пайда болуучу суроолорго ыкчам реакция кылып, чечим кабыл алууга мүмкүндүк түзөт.

Улукбек Кочкоров балдардын автоматташтырылган маалыматтык базасы 2020-жылдын март айында толук кандуу ишке кириши күтүлүп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтыруу боюнча активдүү иштер жасалып жатканын кубаттап, жарандардын финансылык жана убактылуу чыгымдарын төмөндөтүү үчүн калкка электрондук форматта социалдык кызмат көрсөтүүнүн жана зарыл справкалардын санын мындан ары да көбөйтүү керектиин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM