Биз менен байланышыңыз

Сокулукта майыптар үчүн үйдүн пайдубалы курулуп баштады

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 722 | 0

Чүй облусунун Сокулук районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга турак-жайдын курулушуна капсула салынды. Салтанаттуу иш чарага Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жергиликтүү айыл өкмөтү бөлүп берген жер тилкесине “Ассанабил” кайрымдуулук фонду үч кабаттуу үйдүн курулушун баштады. Бул турак-жай Чүй облусунун жаш майыптар коомунун мүчөлөрүнө курулат. Коомдун жетекчиси Эрнис Мыктыбек уулунун айтымында, бул имаратта атайын тигүүчү, устакана цехтери жана окутуу борбору жайгашат.

Иш-чаранын алкагында жеке ишкер Улан Жусупов өзүнүн 2 кабаттуу үйүн майыптар коомуна белек кылды.

Министр Улукбек Кочкоров өз сөзүндө демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, алардын демилгеси менен Кыргызстанда бир топ ийгиликтүү долбоорлор ишке ашып жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM