Биз менен байланышыңыз

Ошто Кыргызстан Ислам университетинин колледжи ачылды

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 540 | 0

Ош шаарына Кыргызстан Ислам университетинин колледжи ачылды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Аталган коллеждин ачылуусуна Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы уруксат күбөлүгүн берди. 

Ислам университетинин алдындагы Ош коллежи Алай көчөсү №35/212 дареги менен катталып, диний окуу жайлардын бирдиктүү эсептик тизмесине киргизилди.

Ош коллежинин негизги максаты Ислам негиздерин үйрөтүү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM