Биз менен байланышыңыз

Жусуп Мамайдын эстелиги филармониянын алдына тургузулду

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 1344 | 0

Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайдын эстелиги Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдына тургузулду. Бул тууралуу небереси Тургуналы Жусуп Мамай Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Эстеликтин ачылыш аземи эртең саат 11де өтөт. Ага Президенттик Аппараттан, Жогорку Кеңештен, Өкмөттүк Аппараттан, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, Бишкек шаардык мэриясынан өкүлдөр, ошондой эле, коомдук ишмерлер, маданият ишмерлери да чакырылган.

Эстеликке тапшырыкты «Жусуп Мамай» коомдук фонду берген.

 

Copyright © 2017 Maral FM