Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Гранттар менен кредиттер өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалат

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 482 | 0

Бюджеттин ички чыгашалары ички булактардын эсебинен каржыланат, гранттар менен кредиттер өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамда бюджеттин ички чыгашалары ички булактардын эсебинен каржылоо, гранттар менен кредиттер өнүктүрүү долбоорлоруна жумшоо каралгандыгын айтып, тартыштыкты азайтуу боюнча тенденция улантыла турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM