Биз менен байланышыңыз

Спорт кабарчыларынын мелдеши өтөт

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 540 | 0

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында 30-июндан 3-июлга чейин Кыргызстандын спорт кабарчыларынын ортосунда спорттук мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Спорттук мелдеш аталган агенттик тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл бешинчи ирет өтмөкчү.

Журналисттер спорттун беш түрүнөн мелдешке катышат. Ага 50гө жакын республикалык жана аймактык спорт кабарчыларынын катышары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM