Биз менен байланышыңыз

Президент Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасын кабыл алды

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 429 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ассамблея төрагасы билдиргендей, ал аталган кызматка киришкенден тартып, өлкө аймактарына бир катар сапарлар менен барган, алардын жүрүшүндө этникалык диаспоранын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик менен жолугушкан.

Сооронбай Жээнбеков улуттар аралык ынтымак мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи болуп саналарын айтты. Ошондой эле, кыргызстандыктар коомдук бүтүндүктү баалашарын, андыктан, аны сактоо жана бекемдөөнүн мааниси зор экенин эске салды.

Мамлекет башчысы ассамблеянын өлкөнүн аймактарындагы ишин активдештиргенин канааттануу менен белгилеп, мамлекеттик органдардын коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттешүүсүн бекемдөө зарыл экенин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM