Биз менен байланышыңыз

«Кадамжай» коому премьер-министрге кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 3858 | 1

«Кадамжай» коому Кадамжай районунун акиминин кызмат ордуна талапкер катары Канатбек Мурзахалиловду жана Асанбай Пазыловду сунуштап, өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевге жана Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровго  кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу аталган коомдун төрагасы билдирди.

Кайрылууда талапкерлердин районго, элге кылган эмгектери зор экендиги белгиленген. Ошондой эле, көптөгөн жылдар бою коомдук уюмдарда кызмат кылышып, сырткы мигранттар менен тыгыз байланышта иш алып барып жатышканына токтолушкан.

Мындан сырткары, инвестиция, райондун инфратүзүмүн, чек ара жана башка маселерди чечүүдө өздөрүнүн чечкиндүү, акыйкат кадамдарын коюшуп, элге кызмат кылышарына ишенимин билдиришкен.

Кайрылуу жолдогондор сунушу эске алынарынан үмүт артышат.

 

 

 

 

 

1 пикир

1 пикир

  1. Якубов Чакан

    10.06.2019 22:04

    Асанбай Пазыловтун аким болушуна ишеним корсотобуз,жасаган жумуштарын билип коруп журобуз!!!Колдойбуз, АЛГА АСАНБАЙ ПАЗЫЛОВ!!!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM