Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө эс алуу жайлардын коопсуздугу текшерилүүдө

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 469 | 0

Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясы Ысык-Көл районундагы пансионаттардын жайкы туристтик мезгилге карата даярдыгын текшерди. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Быйыл уруксат кагаздар экологиялык, өрт жана суу боюнча техникалык талаптардын негизинде берилет. Анын алкагында өрт кырсыгынын алдын алуу жана кырдаалдан чыгуу окуулары, суу үстүндө машыгуулар, көлдүн тазалыгынан анализ алынат.

Инспекциянын Ысык-Көл, Балыкчы, Тоң райондору боюнча өрт коопсуздугу инспектору Марат Мусакожоев бул жылы өзгөчө эскертүү берилип жатканын билдирди.

«Тилсиз жоонун алдын алууга райондо жалпы 9 өрт өчүрүү унаасы иштейт. Учурда пансионаттарга биринчи жардам берүүчү суу түтүктөрүн, керектелүүчү шаймандарды орнотуу талабын коюп жатабыз. Жеке менчик коттедждерге унаа кире албайт. Алардын дарбазасын ачтырууга да түшүндүрмө берилүүдө», -деди Мусакожоев.

Эске сала кетсек, өткөн жылы 7 эс алуу жайында өрт чыккан. Бул сыяктуу эле экологиялык техникалык талапты аткарбаган пансионаттарга 1554 протокол түзүлүп, 8 млн. 300 миң сомго айып салынса, 9 миллион сомдон ашык доо коюлган. Ал эми 2017-2018-жылдары райондогу 168 пансионат 14 саркынды сууну чыпкалоочу жайы жок ишин токтотсо, өткөн жылы 4 эс алуу жай кайрадан иштеп баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM