Биз менен байланышыңыз

Түркия: Анкара шаарын сел каптады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 822 | 0

Кечээ, 9-июнда Түркиянын борбору Анкара шаарын сел каптады. Бул тууралуу Habertürk.com сайты кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, кечээ түштөн кийин башталган ак жаандын арты селге айланып, шаардын көчөлөрүн каптаган. Селдин кесепетинен эки адам сууга чөгүп каза болсо, бир адам жүрөгү кармап бул дүйнө менен кош айтышкан. Катуу жаан бир канча үйдү кыйратып, сел шаардын көчөлөрүн жараксыз абалга алып келген.

Учурда Анкара шаардык Куткаруу кызматы тарабынан шаардын көчөлөрүн тазалоо иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM