Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Эки күн туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 626 | 0

Кыргызстандын аймагында 10-июндан 12-июнга чейин аба ырайы туруксуз болот. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

10-июнда Чүй облусунун, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, 10-июндан 12-июнга чейин Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Мындан улам, республиканын айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Кээ бир жерлерде мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.  Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүсү зарыл экенин ӨКМ эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM