Биз менен байланышыңыз

Казакстан: шайлоодогу мыйзам бузуулардын видеосу интернетке тарады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 905 | 0

Казакстанда өтүп жаткан президенттик шайлоодо жасалма добуш берүүлөр болуп жатканда тартылган тасмалар интернетке тарады. Бул факты боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы билдирүү тараткан. Анда төраганын орун басары Константин Петров ар бир факты каралып чыгып, өз өзүнчө баа берилерин айтты.

-Азыр бир нерсе деп айтуу кыйын. Алгач материалдарды алып, карап чыгуу керек. Албетте, тиешелүү органдар керектүү чараны колдонушат,-деди ал.

Белгилей кетсек, добуш берүү учурунда урналарга бир канча бюлеттенди салып жаткан жана добуш берүүчү бөлмөдөгү калемдин жазуусун от менен өчүрүүгө болору тартылган видеолор тараган болчу.

ЭТО БОМБА!Все что следует знать о "честных и справедливых" выборах!Господин Токаев что скажете?

Опубликовано Тимур Почанов Воскресенье, 9 июня 2019 г.

Бүгүн 9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 20:00гө чейин добуш берүүчүлөрдүн 77 %ы шайлоого катышкан. Бул жолку шайлоодо 7 талапкер ат салышууда, алардын катарында Казакстандын учурдагы мамлекет башчысы Жомарт Токаев да бар.

Copyright © 2017 Maral FM