Биз менен байланышыңыз

Казакстан: митингде кармалгандардын саны 500гө жетти

Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 585 | 0

Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында өтүп жаткан митингде 500 жаран кармалды. Мындай маалыматты Казакстандын Ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев бергенин Tengrinews.kz  басылмасы жазып чыкты.

-Эки шаарда коомдук тартипти бузуп, абалды туруксуздаштырганга аракет кылгандар болду. Нур-Султан жана Алматы шаарларында акция жүрүп, милиция кызматкерлери 500дөй жаранды кармашты, — деп билдирген Кожаев.

Кошумчалай кетсек, буга чейин 100дөй жарандын кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалымдалган болчу.

Бүгүн 9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 20:00гө чейин добуш берүүчүлөрдүн 77 %ы шайлоого катышкан. Бул жолку шайлоодо 7 талапкер ат салышууда, алардын катарында Казакстандын учурдагы мамлекет башчысы Жомарт Токаев да бар.

Copyright © 2017 Maral FM