Биз менен байланышыңыз

Райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн 40 жетекчисине сөгүш жарыяланды

Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 471 | 1

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул жылдын І кварталдын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүп, анда райондук агрардык өнүктүрүү  бөлүмдөрүнүн бардык 40 жетекчисине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук жетекчилер материалдык-техникалык жакшыртуу, кызматташтык жана кайра иштетүүчү ишканаларды натыйжалуу иштетүү боюнча жетиштүү иш алып барган эмес.

Баадык сөгүштөр райондук жетекчилеринин өздүк ишмердүүлүк баракчаларына жазылмакчы.

Ушул эле маселелер боюнча Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын  үч бөлүм башчысына: Анара Беккулиевага, Нурмамат Муллакелдиевге жана А.Ботоевтерге эскертүү берилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM