Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 446 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда Жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы куттуктоосунда, Жеңил өнөр жайы кызматкеринин күнү менен куттуктап, жеңил өнөр жайы өлкө экономикасынын өтө маанилүү тармагы экендигин белгилеп, чакан жана орто ишкерликтин динамикалуу өнүгүп келе жаткан багытына айлангандыгын белгиледи.

Ошондой эле аталган тармактын продукциясы дүйнөлүк рынокто атаандаша ала турганын жана өлкөнүн экспортунун маанилүү бөлүгүн түзө турганын кошумчалады.

«Өлкөдө өндүрүштүк багыттагыдай эле, дизайн, мода жана логистикалык багыттарда да улуттук ири компаниялар түзүлүшү керек«-деди Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосунда.

Мындан сырткары, кажыбас эмгеги менен ата-мекендик жеңил өнөр жайын түптөгөн ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM