Биз менен байланышыңыз

Нурлан Акматов ЕЭКтин Кыргызстан атынан министри болду

Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 620 | 0

Евразиялык экономикалык комиссиянын Кыргызстан атынан министри болуп Нурлан Акматов дайындалды. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Нурлан Акматовдун жоопкерчилигине Евразия экономикалык биримдигинин бажылык жөнгө салуу боюнча маселелери кирет.

Буга чейин аталган кызматта Мукай Кадыркулов эмгектенип келген. Ал өз калоосу менен аталган кызматтан кетүүгө арыз жазган.

Нурлан Акматов буга чейин  “Манас” эл аралык аэропортунун башкармалыгынын  төрагасы болуп иштеп келген.

2011-жылдан 2018-жылга чейин “Газпром нефть Азия” ишканасынын башкы директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары  болуп эмгектенген.

 

Copyright © 2017 Maral FM