Биз менен байланышыңыз

«Ош-Тазалык» эми номерлер аркылуу таштанды боюнча сунуштарды кабыл алат

Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 670 | 0

«Ош-Тазалык» ишканасы «WhatsApp» номер аркылуу кайсы жерде таштанды алынбай жаткандыгы боюнча сунуштарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Таштанды менен күрөшүүнү күчөтүү боюнча түзүлгөн бул кызматка, шаар тургундары таштандыны сүрөткө тартып, мобилдик тиркеме аркылуу 0559 910 209 вотсап номерине  жиберип маалымат берсе болот.

Ошондой эле мекеме ишканалар, Ош шаарынын тургундары 0551 11 17 04 номерлери аркылуу диспетчерге байланышып, таштандыны алуу боюнча сунуштарын берсе болот.

Маалыматтын келиши менен «Ош-Тазалык» ишканасынын кызматкерлери айтылган таштандыны алышмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM