Биз менен байланышыңыз

Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 786 | 0

Бүгүн, 9-июнда Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо эртең менен саат 7.00дө башталды. Шайлоо кечки саат 8.00 гө чейин уланмакчы. Президенттикке 7 талапкер ат салышууда.

Шайлоону өткөрүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы 23 млн. доллар сарпталгандыгын Казакстан БШКнын катчысы Сабила Мустафина билдирген.

Шайлоого чейинки сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча президенттике талапкерлердин ичинен учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев алдыда бара жатат. Аны шайлоочулардын 72,7%ы шайлай тургандарын билдиришкен. Ошол эле учурда Токоевди мурдагы президент Нурсултан Назарбаев да колдоп келет.

Шайлоого жалпысынан 9 талапкер катталып, алардын бири Талгат Ергалиев өз каалоосу менен баш тартып, бири Жуматай Алиев эне тил сынагынан өтпөй калганына байланыштуу талапкерликтен четтетилген.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү 7 талапкерге күбөлүк берген:

Сади-Бек-Түгөл

Амангелди Таспихов

Дания Еспаева

Касым-Жомарт Токаев

Төлеутай Ракымбетов

Жамбыл Ахметбеков

Амиржан Косанов

Copyright © 2017 Maral FM