Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин бет ачары өттү

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 523 | 0

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзинпиндин кыргыз тилине которулуп басылган «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин бет ачары өттү.

Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, иш-чарада илимий талкуу жүрдү. Китепти мурдагы элчи Бактыгүл Каламбекова которуп, «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун демөөрчүлүгү менен басылып чыккан. Буга чейин аталган эмгек 24 тилге которулуп, дүйнөнүн 160ка жакын өлкөсүнө тараган.

Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Кытай өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, ошондой эле, Өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, интеллигенция өкүлдөрү да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM