Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан элдин чөнтөгүнө ылайык унаа чыгара баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 521 | 0

GM Uzbekistan компаниясы үстүбүздөгү жылдын декабрында Chevrolet Trailblazer, Chevrolet Equinox жана Chevrolet Traverse унааларын чыгаруу үчүн Анжиян облусундагы унаа заводун ишке киргизет. Бул тууралуу UzNews.uz жазып чыкты.

«Узавтосаноат» ишканасынын төрагасынын орун басары Рустам Кадыров билдиргендей, унааларды чыгаруудан мурда суроо-талаптарды аныктоо зарыл. Эгерде сатып алуучулар болбосо, миңдеген Trailblazer унаасын өндүрүүнүн кажети жок.

Маалыматка ылайык, GM Uzbekistan алдыда карапайым элдин капчыгына ылайык унааларды чыгарат.

«Бирок бул боюнча азыр толук айта албайм. Анткени, анын өзүнчө процесстери, ачыкка чыкпай турган келишим бар», — дейт Кадыров.

Ал компания алдыңкы 5 жылда көпчүлүккө жеткиликтүү баадагы унааларга суроо-талап өсөрүн күтүп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM