Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Бийликте калууну самасам, президенттиктен кетмек эмемин

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 522 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев эгерде бийликте калууну самаса, президенттик кызматтан кетмек эмес. Бул тууралуу Атамбаев Бишкекте өтүп жаткан «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аттуу митингде билдирди.

«Эгер мага бийлик керек болгондо, референдум өткөрүп, Конституцияга «президент экинчи мөөнөткө шайлана алат» деген өзгөртүү киргизип коймокмун. Аны көпчүлүк колдомок. Мен бийликти кааласам, экинчи мөөнөткө калып калмакмын. Бирок мен чарчадым», — дейт Атамбаев.

Атамбаев мындан сырткары, митингдин катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM